Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

БУУнун башкатчысы Кыргызстандагы кырдаалга кабатыр

Пан Ги Мун Талас шаарындагы баш аламандыктарга кабатыр экендиги тууралуу Улуттар уюмундагы брифингде башкатчынын өкүлү Мари Окабе билдиргенин ИТАР – ТАСС агенттиги кабарлады. Окабе белгилегендей, Пан Ги Мун жаатташкан тараптардын баарын “сабырдуулукту көргөзүп, диалог жүргүзүүгө чакырган”. “БУУнун башкатчысы жыйналуу эркиндиги демократиянын ажырагыс элементи экенин, бирок укук үстөмдүгү сакталуусу керектигин белгиледи”,- деди Окабе.

Учурда Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарда жүргөн Пан Ги Мун 6-апрелде Казакстанга барды. Ал Кыргызстанда 2-апрелде болуп кеткен. БУУнун катчылыгынын маалыматына караганда, президент Курманбек Бакиев менен жолугуу учурунда өлкө бийликтерин адам укуктарын сактоого чакырган. (UE)
XS
SM
MD
LG