Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети кайрылуу жолдоду


Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуусунда

“Урматтуу офицерлер, прапорщиктер, аскерлер!

Өлкөдөгү азыркы оор кризистик абалдын эң башкы себеби мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына Бакиевдердин үйбүлөөсү ээлик кылып менчиктеп алгандыгында, 2005-жылдын 24-мартындагы элдин жакшы жашоого карата үмүтү, тилеги тепсендиде калгандыгында.
Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга койуп алышты. Алам дегендерин алышат, кылам дегендерин кылышат. Өлкөбүз ачыктан ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылууда. Ушундай шартта эл бийликке нааразы болбогондо кимге нааразы болот? Ушундай бийликти каргабаганда эл эмне алкыш айтмак беле?
Өзүңөрдүн эртеңки жашооңорду да эстен чыгарбагыла. Адилетсиз коомдо куугунтукка түшүп, ак жеринен жапа чегип калуу ар бириңиздердин башыңарда турат. Сиздерге: “кызматтасыңар, ант бергенсиңер, буйрукка баш ийүү керек”- деп айтып жатышат. Бирок, сиздер “Бакиевдердин бийлигин коргойбуз, алардын колундагы элге каршы колдонулуучу куралга айланабыз” - деп ант берген эмессиздер да. Ар бириңиздер мыйзамдуулукту сактоого, укуктук тартипти камсыздоого, эл үчүн кызмат кылууга ант бергенсиңер. Өз антыңарга бекем турат деп сиздерге ишенебиз. Анткени бул заман да бүтөт, башка мезгил келет. Ошондо эл алдында да Кудай алдында да жоопкерчилик ар бириңер үчүн жекече болот”,-деп айтылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG