Улуттар Уюмунун баш катчысы кечээ Казакстанда болгон кезде Семейдеги ядролук полигонду көрүп чыгып, бул жердеги сынактар айлана-чөйрөнү апаатка салып, кыртышты, өзөн-дарыяларды уулантып, анын айынан адамдар алиге жабыркап жатканын белгиледи. Дүйнөлүк лидерлерге кайрылып, баш катчы аларды куралдын мындай түрүнөн таптакыр баш тартууга үндөдү.