Ички иштер министрлигинин Маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынын маалыматы боюнча Таласта азыр абал стабилдүү жана абал толук бойдон көзөмөлдө турат. Маалыматка ылайык Таласта түнү милиция кызматкерлери тарабынан талап-тоноо боюнча алты киши кармалып, алардан килем, компьютер жана чөнтөк телефондор алынган. Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомчулукта стабилдүүлүктү камсыз кылууга аракеттер көрүлүп жатат. (КЕ)