Таластын ооруканасында азыр кечээки окуялардан жабыркаган 30 адам жатат. Алардын бешөөсүнүн абалы оор. Абалы өтө оор делген бир жабырлануучу Бишкекке жөнөтүү аракети көрүлүүдө. Дарыгерлер бул беш адам октон жапа чеккенин айтканын ооруканага кирип чыккан кабарчыбыз Жанарбек Акаев билдирди.