Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Бишкекте талап-тоноочулукка каршы топтор түзүлүүдө

Бишкекте талап-тоноочулукка каршы спортчулар топторду уюштуруп, штаб түзүлдү. Учурда ага 160 ка жакын адам катталды. Алар түнү бою баш калааны талап-тоноочулуктан коргомокчу. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Аталган агенттиктин кызматкерери Камчыбек касымовдун айтымында, ушул убакка чейин отуздан элүүгө чейин адамдан турган он чакты топ түзүлдү. Алар ИИМ кызматкерлерине талап-тоноодон сактоого жардам бермекчи. Талап-тоноо окуясына күбө болгондор 32-54-81 телефон номерине чалса болот. (AiJu)
XS
SM
MD
LG