Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ысык-Көлдө бийлик кансыз алмашты


“8-апрелде К.Бакиевдин тарапташтары нааразылыкка чыкты",- деген маалымат Ысык-Көлгө да жетип, кырдаал түшкө чейин курчуп барып токтоду. Облустук акимчиликтин алдына кайра чогулгандар президент К.Бакиевдин каякта экенине кызыкты. Жаштар тобу болсо Каракол шаардык мэриясынын аппарат башчысын сүйрөп чыгып, чагымчыл аялдарды уюштурганына сурак жүргүздү.

7-апрель түнү Ысык-Көл облусунда уурдап-тоноолор болгон жок. Бирок сегизи күнү эртең менен К.Бакиевдин тарапташтары Жалал-Абаттан чыгыптыр деген маалымат тарап, эл облустук акимчиликтин алдында кайра чогулду.

Координациялык кеңеш бул маалыматка так жооп берген жок. Жаштардын тобу болсо Караколдун мэриясынын кызматкерлерин бөлмөлөрүнөн кубалай баштады.

Элдин минтип жаалданганы Түп окуясынан башталган оппозициянын бардык жыйындарын үзгүлтүккө учуратып келген чагымчыл топтогу аялдардын жоопко тартылышын талап кылды:

- Каркыра чатагы болуп атканда келген делегацияларды тосуп турган 3 аял бар болчу, Фатима, Шуура, Дамира деген, ошолор кайда эми азыр. Ошолорду жоопко тартыш керек.

Жумурткачандар отряды менен таанылган Шура аттуу аялдын тобун Каракол шаардык аппарат башчысы даярдаганына жаалданган эл Айтыбек Турусбаевдин бөлмөсүнө кирип барып, кызматтан кетүүгө арыз жаздырышты.

Аппарат башчыны эл областтык акимчиликтин алдына күч менен алып келип сурак кылды. Аялдарды эл алдына таап келүү маселеси козголду. Бирок ал ачык бойдон калтырылды. Бир гана 7-апрель күнү облакимчиликтин алдынан Шура аттуу аялды эл сабап кеткени айтылды.

8-апрелде жаштар тобу Кумтөрдү, ал эми жетиси күнү болсо лыжа базаны басып алууга умтулду эле, аны координациялык кеңеш токтотуп калды.

Райондун акимдеринен бир гана тоң районунан Турусбек Султаналиев гана өзүнүн иш ордунда иштеп атат, бирок ал дагы алмаштырылары маалымдалды.

Максим Бакиевге тиешелүү делген "Азия Универсал Банктын" каражатындагы акчалар дагы Кыргызстан банкына которулганы боюнча атайын билдирүү таратылды.

XS
SM
MD
LG