Бул тууралуу Бишкектин коменданты Турат Мадылбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, түндө Бишкекте белгисиз топ чагым уюштуруп, ар кайсы жерде талап-тоноо аракеттерин жасаган. “Түнкү саат 23-30дан баштап баш калаа толук көзөмөлгө алынды. Азыр элдин колунда жүздөн ашуун Калашников автоматы, пулемет жана ок дарылар бар. Аларды таап кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө”,-дейт Т.Мадылбеков.
Ал ошондой эле 7-апрелден бери жалпы республика боюнча каза болгондордун саны 90 адамга жеткенин, жаракат алагандардын саны эки миңге чукул экенин белгиледи. (AJ)
Ал ошондой эле 7-апрелден бери жалпы республика боюнча каза болгондордун саны 90 адамга жеткенин, жаракат алагандардын саны эки миңге чукул экенин белгиледи. (AJ)