Президент Дмитрий Медведев менен премьер-министр Владимир Путин убактылуу түзүлгөн кыргыз өкмөтүнө жардам жана колдоо көрсөткөнгө убада кылышты. Курманбек Бакиев чет элдик айрым маалымат каражаттарындагы маегинде төңкөрүштүн артында Россия турганына ишенгиси келбей турганын айтып, бирок бул иш үчүн кайсыдыр бир тышкы күчтөрдү айыптады.