Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Курман болгондорго куран түшүрүлөт


Таластагы Улуттук “Манас ордо” комплекси бүгүн 7-апрелде шейит кеткен жигиттерге куран түшүрөт. Комплекстин жетекчиси Ормошбек Чоюнбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул жөрөлгөнү ордонун жалпы жамааты уюштурууда. Ал ошондой эле шейит кеткен жигиттерге куран түшүрүп, аза күтүү башка жерлерде да болсо деген тилегин билдирди.
7-апрелде Бишкекте бийликке нааразы болуп аянтка чыккан элге ок атылып, андан 75 адам каза тапкан. Бүгүн, эртең жалпы Кыргызстан боюнча 7-апрелде курман болгондорго аза күтүү жарыяланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG