Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Чек арада кырдаал тынч


Кыргыз чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ушул тапта кыргыз-кытай чек арасы мурдагы калыбында иштеп жатат. Кытай менен чектешкен Торугарт, Эркеч-Там чек ара посттору ачык, автоунаалар да, адамдар да эки тарапка эркин өтө алышат. Ал эми кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек араларында көзөмөл өткөрүү түйүндөрү жабык. Өзбекстандык жарандар өз мамлекетине, кыргызстандык жарандар да өз өлкөсүнө кайта алышат. Сох, Шахимардан анклавдары ачык. Жарандар чукул бир окуялар боюнча коңшу мамлекетке кирүү зарылдыгы болсо кыргыз чек ара кызматы жардамдашат дейт Ч. Турусбеков. Анын айтуусунда жалпысынан чек араларда кырдаал тынч.(ZKo)

XS
SM
MD
LG