Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кан тапшыргандар көп


7-апрелде атылган октон жаракат алгандарга кан берүү үчүн өз ыктыяры менен келген кишилердин саны 1000ден ашты. Бул тууралуу республикалык кан борборунун жетекчиси Мухамедали Турсунбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында бирок каалоочулардын баарынан кан алууга мүмкүн болгон жок. Бул кан текшерүүчү жабдыктардын эскилиги жетип калганына, экинчиден кан тапшырууну каалаган адамдардын ден соолугуна байланыштуу болду. Ошентсе да кандан муктаждык болгон жок, бүгүнкү күнү жаракат алып, канга муктаж болгондорго куюуга кан жетиштүү дейт М. Турсунбаев.
Ушул тапта Бишкектеги ооруканаларда 7-апрелдеги атылган октон жаракат алган 500гө жакын киши жатат. Ошондой эле түнкү талоончулук учурунда жабыркап кайрылгандар да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG