Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Кечээ - камакта, бүгүн - кызматта


Сапар Аргынбаев
Сапар Аргынбаев

Петровкада тополоң чыгарды деп бир жылдан бери камакта жаткандар толугу менен акталды.

Петровка соттук териштирүүсү дээрлик аяктап, мамлекеттик айыптоочулар Петровка чатагына байланыштуу айыпталып жаткан экс- депутат Э. Бөлөкбаев, укук коргоочулар С. Аргынбаев, У. Рыскулов жана күрт улутундагы С. Хасанов, К. Каляшов, Э. Маматкановага 8- жылдан 10- жылга чейин сурашкан эле.

Бирок 7- апрель күнү нааразылыкка чыккандар Москва районунун акимчилигин басып алышып, өз жетекчилерин шайлагандан кийин сот төрагасы Феликс Марлестин өзүнүн кепилдиги менен камакта жаткан укук коргоочуларды түнкү ондо бошотушкан.

Ал эми бүгүн Москва райондук соттун судьясы Феликс Марлес Петровка чатагына байланыштуу айыпталып жаткандарды толугу менен актоо чечимин чыгарды.

- Петровка чатагына байланыштуу айыпталып келген Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов, Сулейман Хасанов, Князь Каляшов, Элмира Маматканова өзүнө коюлган күнөөдөн акталсын жана сот залынан бошотулсун.

10 ай аралыгындагы соттук териштирүүдө айыпталып жаткандардын биринин да күнөөсү тастыкталган жок. Бирок алар толук бир жыл камакта олтурушту. Учурда алар тарткан зыяндарынын ордун толтуруп, чыныгы күнөөлүүлөрдүн адилет жоопко тартылуусун талап кылып жатышат.

Экс- депутат Эркин Бөлөкбаев Каржы полициясынын утурумдук төрагасы, укук коргоочу Сапар Аргынбаев Москва районунун акими болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG