Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Обама: Карзай "ал-Каидага" каршы согуштагы "маанилүү өнөктөш"


АКШ президенти Барак Обама Ооганстан президентин «ал-Каидага» каршы согуштагы "маанилүү өнөктөш" деп атады. Обама Кошмо Штаттардын АВС телеканалына берген интервьюда президент Карзай үчүн өлкө ичинде чеччү үлкөн проблемалар бар экенин да белгиледи. Карзай жакында чет элдиктер Ооганстандын ички ишине кийлигишет деп Вашингтонду нааразы кылган эле.

Обама менен Карзайдын келерки айга белгиленген Вашингтондогу сапары болоруна үмүт бар экенин АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, генерал Жим Жонс билдирди.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн Чикагодо кээде Карзай альянс күтпөгөн сөздөрдү айтканын, бирок НАТО негизинен Карзай жана анын өкмөтү менен “жакшы кызматташканын” айткан.

XS
SM
MD
LG