Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Бишкекте 200 чамалуу адам митингге чыгышты


Ушул тапта Бишкекте ак үйдүн алдында 200 чамалуу адам митинг өткөрүшүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден кабарлагандай, алар бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиевди жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду кармап келүүнү, аларды элдик сотко берүүнү талап кылышууда. Чогулгандар Убактылуу өкмөткө 2-3 күндүн ичинде аларды таап келбесе, өздөрү барып таап, эл алдында соттошорун айтышууда. Аларга Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев чыгып, 7-апрелде элди аткандар, мамлекетти уурдап-тоногондордун бардыгы убактысы келгенде жазаланышарын, алар Кыргызстандан чыгып кете албасын, жакынкы арада бирден кармалышарын убада кылды. (IJz)

XS
SM
MD
LG