Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

"Замандаш": 7-апрель Азат күнү болсун


Мындай сунуш «Замандаш» саясий партиясынын Убактылуу өкмөткө жана жалпы кыргыз элине болгон кайрылуусунда айтылат. Кайрылууда Кыргызстандын тарыхында болуп өткөн 2005-жылдын 24-мартындагы элдик бийлик карапайым калктын өз эркиндигине жеткен күн катары тарыхта калганы, бирок бул элдик бийлик элдин мүдөөсүн актабай, тескерисинче мамлекет үй-бүлөлүк башкаруунун чеңгелинде калып, таланып-тонолуунун, бөлүнүп-жарылуунун, мамлекет катары жок болуунун коркунучуна алып келгендиги белгиленген. Ошондой соңку кездердеги мурдагы бийлик тарабынан куугунтукка алынып, кереметтүү жерлер сатылып, мамлекеттик төлөмдөргө болгон баанын кескин көтөрүлүшү элдин кошул-ташыл нааразылыгын жараткандыгы айтылат.

“Биз, «Замандаш» саясий партиясы 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөбүздө болуп өткөн саясий каргашалуу окуяга өзгөчө тарыхый баа берүү демилгесин көтөрөбүз. 7-апрель – кыргыз элинин тарыхынын ак барактарында алтын тамгалар менен калаарында шек жок. Бул күнү Атажурт үчүн, Мекен үчүн, Кыргыз үчүн жана Жаркын келечек үчүн ондогон кырчын өмүрлөр окко учту. Элдик бийликти көксөгөн мекендештерибиз акыр түбү эл бийлигине ээ болду. Бирок, бул элдик бийликтин куну өтө кымбатка турду”, - деп жазылат кайрылууда.

«Замандаш» саясий партиясы 7-апрелдеги улуу күндү тарых барактарына түбөлүк калтыруу жана бейкүнөө кеткен замандаштарыбызды эскерүү максатында жалпы кыргыз элине каргашалуу бул күн «7-Апрель – АЗАТ күнү» деп жарыялансын, ар жылы бул күнү мамлекеттик желектер түшүрүлүп, жалпы элдик аза күтүү күнү катары белгиленсин, Ала-Тоо аянтында окко учкан бейкүнөө кырчындай өмүр ээлеринин ар биринин аты-жөнү, ысымы, туулган жылы жазылган «Бийлик курмандыгы» мемориалдык тактасы орнотулсун жана Ала-Тоо аянты курман болгондордун урматына «7-апрель» аянты деп аталсын деген сунушун айтат. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG