Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:22

Москвалык кыргыздар 7-апрелде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтөт


Москвадагы кыргызстандыктар бүгүн чогулуп, 7-апрелде Бишкекте массалык каршылык акциясында каза тапкандарды жоктоп аза күтүү жыйынын өткөрүштү. Жыйында кандуу акцияда каза тапкандардын үй-бүлөсүнө даректүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн фонд уюштурууну чечишти. Бул жөнүндө “Азаттыкка” Москвадагы кыргыздардын “Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Бегиева билдирди. (КС)

XS
SM
MD
LG