Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

К. Бөкөнтаев: Кыргызстандын банк системасы стабилдүү


Улуттук банктын төрага орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевдин маалымдашынча, аталган банк азыр "АзияУниверсалБанк” (АУБ) баштаган беш банктын мүлктөрү, активдери жана каражаттары менен операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотту. Бул иш-аракеттер банктардын амантчылары менен кардарларынын кызыкчылыгын коргоо үчүн жасалды. К. Бөкөнтаевдин билдиришинче, азыр АУБдун активи 13, 6 миллиард сомду, капиталы 2,9 миллиард сомду түзөт, ал эми милдеттемеси 10, 6 миллиард сом болуп эсептелет. Азыр прокуратуранын жардыгы менен АУБдун мүлкүн жана акча каражаты камакка алынды. Улуттук банк АУБдун аманатчыларын жана кардарларын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Кыргызстандын банк системасы стабилдүү экенин билдирди. АУБдун жетекчилери бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG