Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Чүйдө тартип коргоочулар менен жөн жай жарандарга кол салуу учурлары болду


Бүгүн эртең менен Чүйдөгү жергиликтүү лидерлердин бири Сагын Түлөкабылованы Чүй районунун Ак- Бешим айыл өкмөтүнүн мурдагы үч кызматкери сабап кетишкен. “Учурда абалым өтө оор, бул туурасында райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылдым. Алардын негизги дооматы 7- апрель күндөгү нааразылык акциясына катышканым болууда. Бирок мындай башаламандык жана адамдарга кол салуу учурлары 7- апрелден бери токтой элек”,- деп кабарлады “Азаттыкка” С. Түлөкабылова.

ИИМдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн берген маалыматка таянсак, 9-10- апрель күндөрү Ысык-Ата районунда тартип коргоочулар менен талап- тоноочулар ортосунда жаңжал орун алып, кесепетинде эки адам каза болуп, бир милиция кызматкери бычакталган. (JJ)

XS
SM
MD
LG