Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Пакистан аскерлери 40тан ашуун адаватчыны жок кылды

Пакистандын түндүк батышында өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосундагы кагылышууда 40тан ашуун согушчан жана эки аскер катардан чыкты.

Жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Самиулла Хандын сөзүнчө, козголоңчулардын Ширин Дара жана Санграна кыштактарындагы аскерий бекеттерге бүгүн таң эртеңлеп жасаган чабуулун өкмөттүк күчтөр ийгиликтүү артка кайтарган.

Бул уруулардын башкаруусундагы Оракзай аймагында Пакистан армиясы менен адаватчылар ортосундагы акыркы айкаш болду. Өкмөттүк күчтөр аймактагы козголоңчуларга каршы март айында ири операция баштаган.
XS
SM
MD
LG