Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Пакистан: Оракзай аймагын 200 миңден ашуун адам таштап кетти


Улуттар Уюмунун маалымдашынча, Пакистандын түндүк батышын өкмөттүк аскерлердин чабуулу башталгандан бери 200 миңден ашуун адам таштап кетти. Пакистан армиясы мартта талиптердин жатак жайы катары белгилүү Оракзай аймагында ири операция баштаган эле. Талиптер өз базаларын Ооганстанга чектеш бул аймакка Түштүк Вазиристандан сүрүлгөндөн кийин которушкан.

Бүгүн эртең менен Пакистан армиясы менен козголоңчулар ортосундагы кагылышууда 40тан ашуун согушчан жана эки аскер катардан чыкты. БУУнун маалымдашынча, согуштук аракеттерден улам Пакистандын түндүк батышын 1,3 миллион адам таштап кетти.

XS
SM
MD
LG