Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Камбар-Ата-2 ГЭСинде иш үзгүлтүккө учураган жок


Аталган ГЭСти куруп жаткан “Нарынгидрокурулуш” компаниясынын жетекчиси Альберт Авазбеков “Азаттыкка” өткөн жума күнү гана иш бир күнгө токтогонун, бүгүнкү күндө бардык жумушчулар ишке чыкканын билдирди. ГЭС куруучулар ишке көп убакыт чыкпай калса буга чейин жасалган иштер талаага кетерин баса белгиледи. Кечээ энергетика миинстринин милдетин аткаруучу болуп Социал-демократтар партиясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев дайындалган. Жаңы министр Камабар-Ата жана Токтогул ГЭСтеринде жооптуу орундарга жаңы адамдарды дайындай баштаганы кабарланган. Ушундан улам жумушчулардын көпчүлүгү ишин таштап кетти деген маалымат тараган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG