Иш-чара бүгүн шаардагы борбордук аянтта өтөөрүн президент Курманбек Бакиев кечээ Жалал-Абаттын Тейит айылындагы митингде билдирди. К. Бакиев “Азаттыкка” маек куруп президенттик кызматтан өз эрки менен кетпей турганын, Бишкектеги кандуу кагылышка тиешеси жок экенин айтты. Убактылуу өкмөт болсо 7-апрелдеги кандуу кагылышта сексенден ашуун адамдын окко учушуна жана жүздөгөн адамдардын жараат алышына президент менен анын туугандарын күнөөлөп жатат. Балдарына жана туугандарына издөө жарыяланып кылмыш иштери ачылган. (EBM)