АКШнын президенти Барак Обаманын айтымында, дүйнөнүн 49 мамлекети ядролук куралдарды жасоого зарыл материалдарды террористтердин колуна түшпөгүдөй кылып, төрт жылдын ичинде беките турган болушту. Вашингтондо эки күнгө созулган конференциянын катышуучулары “өзөктүк терроризм” глобалдык коопсуздукка башкы коркунуч экенине макул болушканы айтылды.