“Дордой” базарына автотетик алганы барган Ишен аттуу адам “Азаттыкка” телефон чалып, аталган базардын жанындагы буудай айдалган талааны бир топ адамдар бөлүп алууга аракет көрүп жатышканын билдирди. Алар беттерин жоолук менен жаап, колдоруна таяк кармап, базардан шаарга барчу жолду эки жагынан тосуп, эч кимди өткөрбөй турушат. Бул жакта тартип коргоо кызматкерлери көрүнбөйт.
“Кудайдан корколу, жол тоскон күнөө болот деп айттым, бирок кулак салышпады”,-деп айтты бул окуянын күбөсү "Азаттыкка".
Убактылуу өкмөттүн Аламүдүн районундагы координатору Тургунбек Молдобаев "Дордой" базарынын жанынан жер басып алуу аракети болуп жатканын "Азаттыкка" ырастап, окуя болуп жаткан жерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн аталган райондун акими, орун басары менен, райондук кеңештин төрагасы кеткенин билдирди.
Анын айтымында, жолду тосуп алгандар баргандарды сабап, таш менен уруп жолотпой жатышат. Кечээ алар менен сүйлөшүүгө барганда Т. Молдобаевдин өзүн таш менен урушуп, машинасын коңторуп, кол көтөрүшүптүр. Азыркы учурда укук коргоо органдары жер басып, жол тосуп жаткандар ким экенин, кандай күчтөр уюштуруп жатканын териштирүүдө. КС)