Кытай бийликтери маалымдаганына караганда, Цинхай чөлкөмүндө жер титирөөдөн 400дөй адам каза тапты. Урандылардын алдында дагы жүздөгөн киши кала берүүдө. Күчү 6,9 баллга жеткен зилзаладан 8 миңге жакын адам жарадар болду, чөлкөмдө байланыш үзүлүп, электржарыгы өчүп калды. Кабарларга ылайык, курман болгондордун арасында мектеп окуучулары бар. Куткаруучулар урандылардын алдынан 32 кишини тирүү алып чыгышканы кабарланууда.