Еврошаркеттин энергетика боюнча комиссары Гуентер Оеттингер түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен “Набукко” газ кууру тууралуу сүйлөштү. Алар аталган куур боюнча келишимди иштеп чыгуучу топту түзүүнү талкуулашканы айтылды. Түркмөнстандын жаратылыш газын алууга Орусия да, Кытай да, Батыш да кызыкдар. Түркмөн бийликтери Евробиримдик менен “Набукко” боюнча алдын ала сүйлөшкөнү менен, ушул мезгилге чейин конкреттүү чечимдер кабыл алына элек болчу.