Ушул тапта Ош шаарынын борбордук аянтына он миңге жакын адам элдик курултайга чогулду. Аларга Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков чыгып сүйлөп, элди сабырдуулукка, тынчтыкка чакырды. Ал эми Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов шаарга президент Курманбек Бакиев келе жатканы маалымдалганын, бирок ал Ошко киргизилбей турганын айтты. (AiJu)