- Азыр орчун болуп турган суроодон баштасак, азыркы кырдаалдан кантип чыкса болот?
- Эң кыска айта турган болсок, сүйлөшүү гана жолу менен тынч бийликти өткөрүп бериши керек. Ошондо гана биз эл арасында, дүйнө жүзүндө жүзүбүз жарык болот. Ага барыш үчүн сөзсүз түрдө биздин өзүбүздүн адаттарыбызды, аксакалдарыбыз, чоң апаларыбыз мурунку президентке кайрылуу жасап, өткөрүп бер бийликти деп айтышыбыз керек бардыгыбыз. Бул интеллигенция. Элдер колдоп атат деген сөз бул туура эмес. Эч кандай моралдык укугу жок. 84 жаш баланын өмүрү кыйылып отурса бийликти өткөрүп бербейм дегенге моралдык укугу жок. Ошон үчүн бул убакта тез арада аксакалдарыбыз, чоң апаларыбыз Бакиевге кайрылып, бийликти өткөрүп берүү жагын сунушташы керек.
- Президент Курманбек Бакиев өзүнө жана жакындарынын коопсуздугу камсыздалса кызматтан кетерин билдирип жатат. Убактылуу өкмөт ушундай коопсуздукту камсыздап бере алабы?
- Мен ойлойм, азыркы убактылуу өкмөт андай кепилдик бералбайт. Себеби ага убактылуу өкмөт кепилдик берсе дагы бул жердеги карапайым эл, 6-7де катышкан жаш балдар эч убакта бул убактылуу өкмөттү кечирбейт. Ошон үчүн бул убактылуу өкмөт андайга барбайт. Сөзсүз түрдө сүйлөшүү боюнча чечилип, күнөөсүн мойнуна алып сот тарабынан жазаланайын жана эл аралык сот соттосун деген мааниде айтылып аткан болсо, аны колдосо болот. Убактылуу өкмөт кепилдик бералбайт. Анткени убактылуу өкмөттү дагы бүгүн толук 100 пайыз биздин карапайым эл колдобойт, аны өзүңүз көрүп турасыз.
- Убактылуу өкмөт жасап жаткан иштерге кандай баа бересиз?
- Бүгүнкү кылып аткан иш аракеттерин мен адам катары канаттандыра албай атам. Булар баягы эле менин кишилерим, көбүрөк портфель алып калсын деген гана нерсе менен эле жүрүшөт. Бүгүнкү шартта бейпилдикке алып келиштин үстүндө иштеш керек. Токтотуш керек кызматтарды бөлүштүрүүнү. Мыйзамдаштырууга жетиш керек. Анын бир гана жолун мен өзүм көрүп турам, андай айылдык кеңештин, райондук кеңештин депутаттары бар эл тарабынан шайланган. Ошолордун мандатын пайдаланып жергиликтүү бийликти күчтөндүрүш керек биринчи ирет.
Болбосо ар бир топ акимди мен коем, тиги акимди мен коем дей берет. Экинчиден, борбордук бийликти саясий фигуралардын баарын министрлерди кызматтан кетирип туруп, каалайбызбы-каалабайбызбы статсекретарларга убактылуу милдетти аткаруусун жүктөш керек дагы, эч кандай кадр алмаштыруу болбош керек. Азыр болсо бүгүн бирөөнү коюп, эртеси экинчисин коюп атат. Ошондон улам элдин нааразылыгы күчөп, аянттан жаш балдардын, элдин кетпей атканы ошол. Сөзсүз түрдө мындай нерселер болот. Ошон үчүн канчалык болсо да тез аранын ичинде биз мыйзамдаштырышыбыз керек. Ал үчүн конституциянын редакциясын чыгарып, элге талкууга чыгарып, тезирээк референдум өткөрүп шайлоо процесси менен гана биз бул шартты жакшыртканга мүмкүнчүлүк алабыз. Башка жол жок. Элди мен ынтымакка чакырат элем, түштүк-түндүккө бөлүүнү, биздин кулун элек деген сөздөрдү токтотуш керек.
- Кыргызстанга азыр парламенттик башкаруу керек деп айтылып жатат. Сиз буга кошуласызбы?
- Мен 2005-06-жылкы үчүнчү чакырылыштын депутаты катары далай жолу айтып келгем, эгер биз парламенттик мамлекетке келсек тез аранын ичинде, кыйын болот, бирок биз ошого келишибиз керек. Себеби кеңешип кескен бармак оорубайт дейт. Бир үй-бүлөнүн бийлиги деп мурунку Акаевдин бийлигин кетирдик, азыркы бийлик кан менен кетип атат. Ошон үчүн мен ойлойм, парламенттик мамлекет болсок жакшы эле болот. Президент болсо арбитр болуп, эч кандай чарба жумушуна катышпай, саясат менен гана алектенген орган болсо ошондо гана биз күчтүү өкмөт, күчтүү парламент, күчтүү жергиликтүү бийлик болуш керек. Биз жергиликтүү бийликке сөзсүз түрдө бийликти беришибиз керек. Айыл өкмөттөн баштап, райондун башчысына чейин эл тарабынан шайланганда гана биз ошондо бийликти калыбына келтиребиз. Болбосо борбордук бийлик дагы Бишкекте чечилет экен деп айылдан келе беришет. Сөзсүз түрдө бийликти биз айылга, шаарга, районго өткөрүп беришибиз керек.
- Кыргызстан азыркы ички проблемаларын жөндөш үчүн тышкы саясатын кантип жүргүзүшү керек деп ойлосуз?
- Тышкы саясатта биз эч качан бир багыттуу жүргүзбөй тең салмактуу саясатты алып кетишибиз керек. Мына кечээ Медведев айтып атпайбы, саясатты принципиалдуу, туруктуу жүргүзүш керек, эч ким менен ойнобош керек, башка мамлекеттердин бири менен дагы ойнобошубуз керек, ойносок биз анда таза эрежеси менен ойношубуз керек.
- Рахмат.