Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Бакиевдин өлкөдөн чыгарылганына нааразы топ Р. Отунбаева менен жолугушту


Бүгүн кечке бирде борбордук аянтта, бирде УТРК имаратынын алдында, бирде Коргоо министрлигинин астында Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгарылганына нааразылык билдирген топтун өкүлдөрү кечинде убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушту. Коргоо министрлигинин алдына чогулган 150дөй кишинин арасынан тандалган 12 өкүл катышкан бул жолугушууда Роза Отунбаева Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгаруудан башка чара калбай калганын, бул кадам дагы адам өмүрү кыйылуусуна жол бербөө максатында жасалганын айтты. Убактылуу өкмөт башчысы ошондой эле бул орунга бийлик үчүн келбегенин, эгер эл ишенбесе кызматтан кетүүгө даярдыгын айтса чогулгандар ага каршы болду. Бирок алар мурдагы президент чыгып кеткени менен анын бир туугандарын, ок атууга, коррупциялашкан системаны чыңдоого тиешелүү мурдагы өкмөт мүчөлөрүн да кармап, элдик сот аркылуу жазалоону талап кылышты. Роза Отунбаева бул үчүн аракеттер көрүлүп, аларды кармоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады. Жолугушууга убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Болот Шерниязов менен Топчубек Тургуналиев да катышты. Нааразы тарап жаңы өкмөттү мурдагы бийликтин жолун жолдобоого, демократиядан четтебөөгө жана элге куру убада берүүдөн алыс болууга чакырды.(SM)

XS
SM
MD
LG