Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

А.Жекшенкулов Убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдоду


“Акыйкат үчүн кыймылынын” лидери А.Жекшенкулов Убактылуу өкмөткө менчикти калыбына келтирүү жана кайра бөлүштүрүү жөнүндө кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Жекшенкулов менчикке карата мыйзамдуулукту, тартипти жана адилеттүүлүктү тез аранын ичинде калыбына келтирүүгө чакырат. 7-8-апрелде өлкөдө болгон массалык басып алуулар тууралуу комиссия түзүлүп, ага талаштуу маселелердин баарын өткөрүп берүү сунушталат. Күч, фискалдык, сот органдарынын менчикке болгон укукту камсыз кыла турган бөлүмдөрүн комиссияга баш ийдирип, анын ишмердүүлүгүн Убактылуу өкмөттүн декрети менен бекитип коюу керектигин белгилейт.

7-апрелде болгон окуядан кийин өлкө боюнча дүкөндөрдү талап-тоноодон тарта мамлекеттик ишканаларга чейин басып алуулар катталган. Убактылуу өкмөттүн курамына кирген “Ата Мекен”, Социал-демократтар жана “Ак Шумкар” партияларынын лидерлери басып алууларга алардын өкүлдөрүнүн тиешеси жоктугун расмий билдиришкен. (GA)

XS
SM
MD
LG