Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Баткен жаштары убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдоду


Жаштар райондук гезиттин имаратын кайтаруу талабы менен утурумдук өкмөткө кайрылуу жолдоду. 200дөй киши кол койгон кайрылууда 70 жылдан бери иштеп келген Баткен райондук “Кызыл туу” гезитинин 2 кабаттуу имараты жана атуулдардын өзгөчө кырдаалда коргонуучу жертөлөсү мурдакы бийликтин колдоосу менен бир кишинин колуна текейден арзан сатылып кеткени айтылат. “Биз имаратты мамлекетке кайра кайтарып алууну суранабыз, эгер бул өтүнүч аткарылбаса биз, аймак жаштары, аталган имаратты өзүбүз улутташтырып, элге кайтаруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз” деп айтылат кайрылууда.

Аталган имарат Баткен райондук “Кызыл туу” гезити жана райондук басмакана үчүн делинип, 1980-жылы курулган эле. Ушул жылдын январ айында өкмөт тарабынан сатууга коюлуп, аукционго “Кызыл туу” гезити катыштырылбай жеке адамга сатылып кеткен. (JsA)

XS
SM
MD
LG