Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

А.Бекназаров: Е.Гуревич бир-эки күндө кармалат


Бүгүн прокуратура, сот жаатын көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, анда Кыргызстанда каржылык кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүп жаткан Евгений Гуревич жакын арада кармалат деп билдирди. Анын айтымында, Е.Гуревич учурда Казакстанда жүргөнү маалым.

Е.Гуревич Кыргызстанда Өнүктүрүү фондунун активдерин башкарган “MGN Group” компаниясыны жетектеп келген. Февраль айында Италия өкмөтү аны эл аралык шылуун деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Мындан соң Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштап, чет өлкөгө чыгып кеткен.

А.Бекназаров ошондой эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасында жүргөн В.Халилов, М.Надел, А.Елисеев, А.Ширшовго да кылмыш иштери козголгонун айтты. Бекназаровдун айтымында, булар апрель ыңкылабы алдында “АзиаяУниверсал Банктан” 157 млн. доллар чыгарып кеткен. (AiJu)

XS
SM
MD
LG