Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Бакиевдин тарапкерлери талап менен чыкты


Аймактагы “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдаганы боюнча, учурда Жалал-Абад облус администрациясынын имараты алдында мурдагы президент К.Бакиевдин миңге чукул тарапкерлери чогулду. Алар бийликке Курманбек Бакиевдин келүүсүн талап кылууда. Чогулгандар имаратка эч кимди киргизбей, имаратта эч ким жоктугун, губернатордун милдетин аткаруучу белгисиз тарапка чыгып кеткенин айтышкан. Азырынча облусттук бийлик өкүлдөр менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (AiJu)

XS
SM
MD
LG