Бүгүн Бишкекте коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун демилгеси менен Талас облусунан чыккан аттуу-баштуулардын жыйыны өттү. Чогулгандар Убактылуу өкмөттү колдой тургандыктарын, анын иштерине жардам кылуу максатында сунуштарды даярдап атышканын айтышты. Таластыктар Убактылуу бийликке чет мамлекеттерде билим алып, чет жерде иштеп жүргөн жаш кадрларды аралаштыруу керектигин айтышты.
Ошондой эле алар уруучулук маселесин көтөрүп, баш мыйзамга оң канат, сол канат жана ичкилик кыргыздардын канатын жазууну, талаш-тартыш болбосу үчүн президенттик, Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министрликти ушул үч канатка тең бөлүүнү сунушташууда.
Эскерте кетсек, Убактылуу өкмөттөгү баш мыйзамды реформалоо жагын колго алган “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган топ баш мыйзамдын долбоорун эртең ачыкка чыгарып, талкууга коюшат. Долбоордун авторлору мындан мурда билдиришкендей, анда уруу-урууга бөлүнүп башкаруу деген сыяктуу механизмдер киргизилген эмес.
План боюнча баш мыйзам долбоорун ачык талкуулоо эки-үч жумага созулуп, оңдоп-түзөтүүлөр кирген соң элдик референдумда кабыл алынмакчы. (IJz)