Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

7-апрелде 766 милиция жабыркаган


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов билдирди.

Анын айтымында, 7-апрелдеги кандуу окуялар тушунда жалпы 766 милиция кызматкери жабыркап, алардын экөөсү кызматтык милдетин аткарып аткан учурда көз жумушкан.

Учурда сексенден ашуун милиция кызматкерлери ооруканаларда дарыланышууда. Жалпы жаракат алгандардын отуз экиси атуучу куралдардан жаракат алышкан. Ушул тапта жабыркаган милиция кызматкерлеринин төртөө реанимацияда жатат.

Р.Ахмаедов билдиргендей, Убактылуу өкмөт ушул тапта башка жабыркаган адамдарга берип аткан сыяктуу эле жабыркаган милиция кызматкерлерине акчалай төлөмдөрдү карап, 40 миллион сом каражат бөлүү маселеси чечилип калды. (IJz)

XS
SM
MD
LG