Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Эртең К.Бакиевдин жактоочулары митинг өткөрөт


Бул тууралуу “Азаттыктын” Жалал-Абад облусундагы кабарчысы Ырысбай Абдраимовго “Курманбек Бакиевди коргоо штабынан” билдиришти. Жалал-Абад шаарында өтө турган митингге өлкөнүн бардык региондорунан адамдар келери айтылууда. Алар Убактылуу өкмөткө төмөнкүдөй талаптарды коюшмакчы:

1. 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча Бириккен улуттар уюму баш болгон көз карандысыз уюмдардан турган эл аралык комиссия түзүлсүн.
2. Курманбек Бакиевди, анын үй-бүлөсүн жана жакындарын куугунтуктоо жана карактоо токтотулсун.
3. Мыйзамдуу бийлик ордуна алынып келинсин.
4. Жаныш Бакиевге карата кылмыш иши жана аны издөө токтотулсун
5. Мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыевди бошотулсун.
6. Молдомуса Конгантиевди сабагандар мыйзам чегинде жазалансын.
7. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жер-жерлерге барып эл менен жолугушсун, анын ичинде милдеттүү түрдө Жалал-Абадга келишсин.
8. Массалык маалымат каражаттары, айрыкча теле көрсөтүүлөрдө маалыматтардын бир беткей чагылдырылышы токтотулсун.
9. 6-7-8-апрелдеги куралдуу төңкөрүш мезгилинде каза болгон жана жарадар болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө Убактылуу өкмөт акчалай жардам көрсөтсүн.
10. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Топчубек Тургуналиев, Абдыганы Эркебаев сыяктуулар аянтта, эл алдында ата-бабалардын салты менен соттолушсун.

Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаровдун айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулдары, иниси Жаныш Бакиев жана ошол бийлик менен иштешкен бир катар адамдарга кылмыш иштери козголгон жана алардын күнөөсүн далилдечү фактылар жетиштүү. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой эле 7-апрелдеги окуя боюнча эл аралык эксперттер катышкан комиссия түзүлүп, анын негизинде баа берилерин да айтып келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG