Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

А. Кушбаков: генерал Б. Калыевдин эч кандай күнөөсү жок


Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев.
Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев.

Мурдагы коргоо министри генерал Бакыт Калыевди бошотууну талап кылып жаткан топтун жетекчиси, Жалал-Абаддын тургуну Абдаким Кушбаков "Азаттыктагы" маегинде убактылуу өкмөткө коюп жаткан талабы жөнүндө түшүндүрмө берди.

- Сиздердин талап эмне?

- Биздин биринчи максатыбыз - генерал Калыевге козголгон кылмыш иштерин толугу менен токтотуу, бул кишини эркиндикке чыгаруу. Себеби бул окуяда генерал Калыевдин эч кандай күнөөсү жок деп эсептейбиз.

Башка талабыбыз жок. Генерал Калыевдин бул жерде күнөөсү жок деп кайрадан дагы айтабыз. Азыркы убактылуу өкмөттөн бул кишини тез аранын ичинде бошотуп берүүсүн суранабыз. Эгерде азыркы өкмөт убагында биздин талабыбызды аткарып бербей турган болсо, биз мындан ары ишибизди токтотпой уланта беребиз.

- Сиздер айтып жатасыздар, мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевдин эч кандай күнөөсү жок деп, бирок ошол эле мезгилде убактылуу өкмөттүн маалыматы боюнча 7-апрелдеги Бишкекте болгон ок атууга буйрук бергендердин бири катары Бакыт Калыевдин аты аталып атпайбы?

- Биз азыркы телерадиодогу бир жактуу маалыматтарга эч качан макул эмеспиз. Бул жерде армия ок чыгарган жок, армия каршы турган жок, армия саясатка да кирген жок. Ал жерде армиянын бир ок чыгарган же болбосо солдаттар аркылуу аракеттери эч качан болгон эмес.

- Сиздердин колуңуздарда Бакыт Калыевдин күнөөсү жок экенин билдирген далилдериңиздер барбы?

- Биз азыркы убактарда кайрылуубузду убактылуу өкмөткө жөнөттүк. Ошол убактылуу өкмөттүн чечимин биз күтүп атабыз, бүгүнкү күндө Бишкекте турат, мындан кийин ошол жерден териштирип бошотуп берүүсүн гана өтүнөбүз.

- Бишкектеги болгон ок атууларда ким күнөөлүү деп ойлойсуздар?

- Азыр бул жерде бардыгы чечилип, экспертиза өтүп баардыгын эсептемейинче, сен күнөөлүү деп айтканга эч кимдин акысы жок. Качан далилденип, баардыгы айтылып белгилүү болгон убакта соттун чечими менен гана айта алабыз. Сен күнөөлүүсүң, сен күнөөлүү эмессиң, сен тазасың деп. Азыр бул жерде маалымат каражаттары күнөөлүү, "атты", "жеди-ичти" деп айтканга кандай акысы бар? Адамдык укуктун тебеленүүсү болуп атат. Чыркыраган чындык кайда?

- Убактылуу өкмөттүн маалыматы боюнча Бакыт Калыевге эч ким расмий түрдө күнөө койгон жок, ал азыр суракка алынып, көрсөтмөлөрдү берип жатат деп айтылып жатат...

- Күнөөлүү эмес деп, албетте, маалыматты тастыктап берип атабыз, бирок бизди уккан адам жок азыр. Бардыгы бир тараптуу болуп атат, теле-радиолордон баарын угуп атабыз, күнөөлүү болуп атат деп азырынча айтканга кандай акысы бар?

- Кийинки аракеттериңиздер эмне болот, кандай иш-чараларды көрөсүңөр?

- Б.Калыев ооган согушунда солдаттык милдетин эмес, офицерлик кызматын өтөгөн. Эгерде азыркы убактылуу өкмөт биздин талабыбызды тез аранын ичинде чечип бербей турган болсо, бул жерде бардыгы суунун агымындай бизге келип кошулуп жатат, мындан ары дагы көбөйөбүз, бошотуп бермейинче токтотпойбуз.

- Кечээ Жалал-Абад аймагында ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов болду, аны менен жолугушуп өз талабыңыздарды айта алдыңарбы?

- Биз ал жерде талабыбызды айттык. Анын ал жерден чыгып кеткенине бир топ жардамдарды жасадык. Биз ал кишиге жеткиликтүү кылып айттык. Ал кишинин сөзү мындай болуп атат: менин колумдан эч нерсе келбейт, колумдан келген жардамды берем дейт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG