Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Жалал-Абадда митинг башталды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыевдин жактоочулары Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, Азимбек Бекназаров, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев жана Топчубек Тургуналиевге нааразылыгын билидрип жатышат. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Митингге чогулгандар ошол окуяда канчалаган милиция кызматкерлери жараат алып, окко учканы тууралуу так маалымат берилбей жатканына нааразы экенин билдиришүүдө. Сүйлөгөндөр элди түндүк-туштүккө бөлүнбөй, сабырдуу болууга чакырууда. Ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөсүнө берилчү бир миллон сомду Убактылуу өкмөт мамлекеттик казынадан эмес өз чөнтөгүнөн төлөсүн деген талаптар коюлуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG