Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Убактылуу өкмөткө 11 бөлүмдөн турган талап айтылды


Жалал-Абадда болуп жаткан митингдин катышуучулары Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Топчубек Тургуналиев, Абдыганы Эркебаев ж.б. аянтта эл алдында ата-бабалардын салты менен соттолушун талап кылып жатат. Мындан сырткары алар 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча Бириккен улуттар уюму баш болгон көз карандысыз уюмдардан турган эл аралык комиссия түзүү, Курманбек Бакиевди анын үй-бүлөсүн жана жакындарын куугунтуктоону токтотуу, Мыйзамдуу бийликти ордуна алып келүү, Жаныш Бакиевге карата кылмыш ишин жана аны издөөнү токтотуу, Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевди бошотуу, Молдомуса Конгантиевди сабагандарды мыйзам чегинде жазалоо, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопко тартуу сыяктуу талаптарды коюшкан.

Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жекшембиде Ош облусунун жана шаарынын тургундары менен жолугуп, элди улутка жана аймакка бөлгөндөр катуу жазаланарын эскерткен. Ал жакынкы айларда референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынаарын, ошентип үй-бүлөлүк башкарууга биротоло чекит коюларын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG