Убактылуу өкмөттүн жаңы эле таркатылган билдирүүсүндө жарандардын укуктарын коргоо жана коомдук тартипти сактоо үчүн чукул чаралар көрүлүп жатканы айтылат. Ички иштер министрлигинде жетекчилик алмаштырылды. Болот Шерниязов министр кызматынан бошотулуп, министрдин милдетин аткаруучу болуп министрдин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков дайындалды. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын өзгөчө чечими менен ИИМдин ишмердигин координация кылуу үчүн мурдагы министрлерден турган Көмөкчү Кеңеш түзүлдү. Ошондой эле Сагынбек Абдрахманов Чүй областынын губернатору кызматынан алынды, анын ордуна губернатор болуп Бакирдин Субанбеков дайындалды.
“Биз өлкөдөгү тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты бузганга эч кимге жол бербейбиз. Бийлик мыйзам бузууларга каршы катаң чараларды көрөт. Тополоң чыгарып жаткандардын баары мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат”, -деп айтылат билдирүүдө. (KC)