Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Маевкадагы тополоң


Бишкектин түндүк четиндеги Маевка айылында жер бөлүп берүүнү талап кылган жүздөгөн адамдар менен жерин коргогон менчик ээлери кагылышып, тополоң чыгып кетти. Тополоң учурунда эки адам көз жумду, он үч адам жарадар болду. Ички иштер аскерлери жетип барып, кырктай адамды кармап, тополоңду токтотуп, кырдаалды көзөмөлгө алды.

Маевка айылына бүгүн жер талап кылып жүздөгөн адамдар уюшуп барышкан. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов аларга келип, маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырган. Чогулган адамдар буга кулак салбай, айдоо аянттарын бөлүп ала баштаганда үлүш ээлери аларга каршылык көрсөтүп, тополоң чыгып кеткен. Тополоң маалында он чакты үй өрттөлүп, бир нече автоунаа кыйрады.

Эки киши каза болуп, 13 киши жаракат алып, 9 адам ооруканага жаткырылып, төртөөнө медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Динара Сагынбаева билдирди. Ал ошондой эле тополоңдо "Тез жардамдын" эки унаасы талкаланганын белгиледи.

Кеч киргенде Маевкага милиция күчтөрү менен ички иштер аскерлери барып, кырктай адамды кармап, тополоңду токтотуп, кырдаалды көзөмөлгө алды.

Убактылуу өкмөт ушул күнү кечинде эле жарандардын укуктарын коргоо жана коомдук тартипти сактоо үчүн чукул чаралар көрүлүп жатканы жөнүндө шашылыш билдирүү таркатты. Ички иштер министрлигинде жетекчилик алмаштырылды. Болот Шерниязов министр кызматынан бошотулуп, министрдин милдетин аткаруучу болуп министрдин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков дайындалды.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын өзгөчө чечими менен ИИМдин ишмердигин координация кылуу үчүн мурдагы министрлерден турган Көмөкчү Кеңеш түзүлдү. Ошондой эле Сагынбек Абдрахманов Чүй областынын губернатору кызматынан алынды, анын ордуна губернатор болуп Бакирдин Субанбеков дайындалды.

“Биз өлкөдөгү тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты бузганга эч кимге жол бербейбиз. Бийлик мыйзам бузууларга каршы катаң чараларды көрөт. Тополоң чыгарып жаткандардын баары мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат”, -деп айтылат билдирүүдө.

Маевкадагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

XS
SM
MD
LG