Бүгүн Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева апрел ыңкылабында жабыркагандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 6-7-8-апрелде 1600дөн ашуун адам ар түрдүү жаракат алышып алардын 500дөн ашууну ооруканага жаткырылып бекер дарыланууда. Тартип коргоо кызматкерлеринен 700дөн ашуун адам жаракат алган. (AJ)