Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Б.Шерниязов ИИМди кайра жетектей турганы кабарланууда


Кечээ убактылуу өкмөт Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязовдун ордуна анын орун басары Бакыт Алымбековду Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу маалымат тараткан. Кечинде 200дөн ашуун Болот Шерниязовдун тарапкерлери Убактылуу өкмөт жайгашкан Коргоо министрлигинин жанына барышып, Шерниязовду кайрадан Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындоону талап кылышып, талаптары аткарылбаса чыр чыгарышарын айтышкан. Убактылуу өкмөт түндө чукул жыйын өткөрүп, Болот Шерниязовду кайрадан Ички иштер министринин милдетин аткаруучу ордуна калтырганы кабарланууда. Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов болсо Убактылуу өкмөт мындай чечим кабыл албаганын “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG