Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Баскынчылык мүнөздөгү иш-аракеттерге курал колдонуу сунушу берилди


“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов бүгүн убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жолдоп, баскынчылык мүнөздөгү иш-аракеттерге курал колдонуу сунушун киргизди. Мындан тышкары Кулов убактылуу өкмөткө сунуштаган декретинде тартип коргоо орган кызматкерлерине да кызмат учурунда курал колдонууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырат. Мындай чаралар жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жана мамлекеттүүлүктү сактап калуу үчүн маанилүү экенин белгилеген “Ар-намыс” партиясынын лидери өз декретин ишке ашыруу милдетин ИИМге жүктөө сунушун берди. (EK)

XS
SM
MD
LG