Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Айлампа жол ачылды


Бишкектин түндүк тарабындагы айлампа жолго чыккан митингчилер өз ичинен 10 адамды өкүлдүккө шайлашты. Эми алар тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Алар бүгүн кечээки тополоңдо кармалгандарды бошотуу талабын койгону менен жер маселесин чечип берүү талабынан да кайта элек. Сүйлөшүү үчүн өкүлдөр шайланган соң гана милиция менен митингчилердин тиреши токтоп, кырдаал калыбына келе баштады. Учурда жол ачылып, автоунаалар өтө баштады. Бирок митингчилер дале тарай элек. (SM)

XS
SM
MD
LG