Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Ошто милиция иш таштады


Ошто миңден ашуун милиция кызматкери иш таштады. Алар шаардагы борбордук аянтка чогулуп, жаңы Өкмөттөн маяналарды көтөрүүнү, социалдык жактан колдоону күчөтүүнү талап кылышты. Ошондой эле мурдагы министри Молдомуса Конгантиевди сабагандарды жазалоону, анын түштүк боюнча орун басары Расул Раимбердиевди куугунтуктоону токтотууну жана мурдагы ордуна кайтарууну суранышты.

Өзгөн районунан келген милиция кызматкери Абдыганы Ашыров кесиптештеринин көйгөйүн төмөнкүчө туюндурду:

- Акыры биз дагы адамбыз го. Акаев убагында тыңдабаса, Бакиев кулагын төшөбөсө, деги биздин муңубузду ким угат? Мисалы, мен 1796 сом пул алам. Бул деген жесир катындын пенсиясы да. Ошону үчүн милициянын маянасын такыр куругунда он беш миң сомго көтөрүш керек.

Абдыганы Ашыров ички иштер органдарынын өкүлдөрүнө мындан ары жетиштүү шарт түзүлбөсө, көпчүлүгү ишин таштап кетүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Коминтерн Букенов мурдагы министр Молдомуса Конгантиевди сабагандарды токтоосуз кармоону, анын түштүк боюнча орун басары Расул Раимбердиевди апрель окуясы боюнча куугунтуктоону токтотууну жана аны эски ордуна кайтарууну суранды:

- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде дагы генерал колго түшкөндө мынчалык сабашкан эмес. Ошон үчүн аны (Конгантиевди – ред.) аеосуз токмоктогон кишилерди кармап, жоопкерчиликке тартуу абзел. Ошондой эле апрель окуясы убагында түштүк боюнча орун басарлык милдетти аркалаган Расул Раимбердиевди эмне үчүн сурак кылып атышат. Анын кандуу кагылышка кымындай тиешеси жок.

Коминтерн Букеновдун айтымында, бул өтүнүчтөр бүгүн-эртең орундалбаса, шериктери акцияны улантышмакчы. Түштүк борборунун милиция кызматкерлери Ош облусунун райондорунан топтолгон кесиптештерине тилектештигин ырастады. Мындай ниетти мекеменин башчысы Курсант Асанов жарыя кылды:

- Милиция кызматкерлерин социалдык жактан коргоо маселесин чукул арада чечүү зарыл. Антишпесе, ички иштер органдары козголсо, акыры чатагына айланат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Курсант Асанов утурумдук Өкмөт тарабынан чукул арада милицияларга карата коммуналдык жеңилдиктер каралбаса, турак жай жана жер маселеси чечилбесе, иш таштоо массалык мүнөзгө айланаарын эскертти.

Митингичилер менен облустук жана шаардык деңгээлдеги жетекчилер жолугушту. Губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду:

- Сиздердин арыз-муңуңуздарды Отунбаевага, Атамбаевге, Текебаевге жеткирдик. Албетте, облустук бийлик дагы жөн жатпай, айтылган талаптардын артынан катуу түшөбүз. Зарылчылык туулса, Бишкекк учуп барып, убактылуу Өкмөттүн алдына маселени кабыргасынан коебуз. Кыскасы, милициянын айлыгы сөзсүз жогорулатылат.

Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө караганда, акция учурунда көтөрүлгөн башка маселелерге да жакынкы арада чекит коюлаары күтүлүүдө.

Кечке дейре борбордук аянтта турушкан акциячылар талаптарын аткаруу үчүн утурумдук Өкмөткө 2-майга чейин убакыт берип тарашты.

Ушул эле күнү, Өзгөн районунун тургундары «Азаттыкка» кабарлашынча, райондун эки миңге чукул жашоочусу өлкөдөгү кадр маселелерин талкуулап, жердештери - Ички иштер министрлигинин өкүлү, генерал Осмоналы Гүрөңов жана Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова кызматтарынан саясий мотив менен бошотулуп, орундары жоюлгандыгына нааразы экендиктерин билдиришти. Жыйынга катышкан Ош облус губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кушбак Тезекбаев айтылган дооматтар жүйөөсүз экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG