Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

“Ата Мекен” партиясы жаштарды ыктыярдуу кошуунга өтүүгө чакырууда


“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты бүгүн милицияга колдоо көрсөтүү үчүн жаштарды ыктыярдуу кошуунга өтүүгө үндөгөн билдирүү таратты. “Орду толгус жоготуулар менен элге каршы бийлик кулатылды. Убактылуу өкмөт жаңы, элдик Башмыйзамдын үстүнөн иштеп жатат. Эл аралык уюмдар экономикабызды калыбына келтирүү жана бейпил турмушту орнотуу боюнча жардам берип жатат. Бирок бийликтен кулатылган душмандар жөн жатышпай, Бакиевдин тарапкерлери коомго улут аралык араздашуу үрөнүн сээп жатат. Жалал-Абадда Бакиевдин туугандары “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро” компанияларын сатуудан түшкөн каражаттын жардамы менен өкмөткө каршы митинг уюштурууда...Кечээ алар Маевка айылында кагылыштарга себепчи болду”-деп жазылат билдирүүдө. Андыктан жаш атамекенчилер элдик кошуунга өтүп, түнкү күзөттөргө чыгууга чакырык салууда. (EK)

XS
SM
MD
LG