Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

К. Бакиев: Мен дагы эле президентмин


К. Бакиев Минскиде. 21-апрель 2010-жыл
К. Бакиев Минскиде. 21-апрель 2010-жыл

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев мурдагы жазган арызынан баш тартып, дагы эле мамлекет башчы бойдон кала бергенин билдирди. Бүгүн Минскиде өткөн пресс-конференцияда ал дүйнө лидерлерин убактылуу өкмөттү тааныбоого үндөдү. Ошондой эле ал “бийликти өзүн өзү лидер деп эсептегендердин "бандасы" басып алган, талап-тоноп, адамдарды өлтүрүп, натыйжада Кыргызстан он жыл артка кетти” деп айтты. Ал президенттик үчүн күрөшө турганын, аны бир гана өлүм токтото алаарын, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.


15-апрелде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, бир катар мамлекеттердин арачылыгы менен Бакиев Жалал-Абаддан Казакстанга учуп кеткен. Дүйшөмбүдө анын Беларуска жөнөгөнү тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Шейшембиде Беларус президенти Александр Лукашенко Бакиевдин айрым жакындары менен Минскиге келгенин айтып, ал "мамлекет жана президент тарабынан коргоого алынат" деп белгиледи.

Беларус президенти андан ары Бакиевди "кадимки эле советтик директор" деп сыпаттады. Лукашенконун айтымында, 2005-жылы революционерлер баарын кыйратып салышып, "бечера Бакиевди жетелеп келип, ага жетекчилик кылууну" табышташкан. "Ал башмалдак атып иштеп, өкмөткө "профессионалдарды" топтой баштады. Ким бирөөгө папке жетпей калды, айрымдарына өзү каалаган кызмат тийбей калды. Натыйжада тытышмай башталып, акыры төбөлөшө кетишти, өз ара атышканга чейин жетишти",- деп айтты Лукашенко.

Бакиевди бийликти жана байлыкты басып алды деген айыптоолорду Лукашенко караманча четке какты. "Аерде эмнени уурдай алат элең, колго илинер эчтеме жок, ким бирөө Кыргызстанда болсо муну жакшы билет, мен аерде бир нече ирет болгомун",- деп ишендирди белорус президенти.

Апрелдеги окуяларды Лукашкенко "мамлекеттик төңкөрүш" деп баалады. Эл аралык коомчулуктун мамилесине токтолуп, Россия менен АКШнын позициясын ал сынга алды. "Бул өлкөлөрдүн бийликтери Кыргызстандагы төңкөрүштү айыпташы керек эле, бирок алар минтишкен жок", - деп айтты Лукашенко.

Утурумдук бийликтин башчысы Роза Отунбаева Минскинин Бакиевге баш паанек берүү чечимин айыптады. “Ал кылмышкер өлкөбүзгө кайтарылууга тийиш”, - деди Отунбаева.

Ал эми К. Бакиевди бүгүнкү билдирүүсү үчүн Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев дароо айыптап, "Азаттыкка" төмөнкү сөздөрдү айтты:

- Ушунча адамдарды зордук-зомбулук менен өлтүрүп, алыс качып, баш паанек тапкан жерге барып, өзүнүн жазып берген арызынан баш тартып мен мамлекеттин президентимин дегени бул дагы бир жолу анын кыргыз элинин астында, коомчулуктун астында, дүйнөлүк коомчулуктун астында өзүнүн туруктуу эместигин көргөздү. Көрсө бул кишиге бир гана бийлик керек экен. Көрсө, элди басып жатып, канын соруп, кордосом, бирок өзүм жыргасам деген саясатта турганын дагы бир жолу далилдеп жатат.

Т. Сариев экс-президент жана анын балдары, жакын чөйрөсүнө бир катар кылмыш иштери козголгонун белгилеп, алар жасаган кылмыштардын баары тергелип сотко өткөрүлгөндөн кийин, сот чечими боюнча К. Бакиевди жоопкерчиликке тартуу аракети көрулөрүн билдирди.

Айтмакчы, К.Бакиев Минскиге, көпчүлүк күткөндөй, орус улутундагы мыйзамдуу жубайы менен эмес, кийинки аялы жана андан төрөлгөн тогуз жашар кызы, беш жашар уулу менен барды.

Мурдагы президенттин ырасмий эмес аялы бар экени мурда эле айтылып жүрчү. Бирок буга чейин ал сыр эч качан ачыкка чыккан эмес эле. Укук коргоочулар мурдагы өлкө башчынын мындай жоругун сынга алышууда.





Курманбек Бакиев Минскиде жыйын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

XS
SM
MD
LG