Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Абдишүкүр Нарматов муфтийликтен кетти


Бул тууралуу муфтийдин орун басары Рахматулло ажы Эгембердиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, муфтийдин милдетин аткаруучу Абдышүкүр Нарматов бүгүн өткөн уламалар кеңешинде өз каалоосу менен бул кызматтан бошотуп коюсун суранган. Р.Эгембердиев өлкөдө кырдаал стабилдешмейинче уламалар кеңеши өтпөй тургандыгын, ал аралыкта муфтий шайланбай турганын айтты. Ал эми анын милдетин мурдагы муфтий Муратаалы ажы Жуманов кызматтан кеткенден кийин түзүлгөн координациялык кеңеш аткармакчы. Кеңештин башында мурдагы муфтийдин орун басары Сүйүн ажы Кулиев турат.

Ошондой эле Р.Эгембердиев М.Жуманов учурда ооруканада экенин анын үйүндөгүлөр билдиргенин кошумчалады. Мурдаарак муфтий Муратаалы ажы Жумановду белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени кабарланган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG